Оштун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл өкмөтүндө Бекжар-Кичик-Теке-Лаглан ички чарбалык жолу кар күрткүсүнөн улам жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аталган айылда кардын калыңдыгы кечээ 60 сантиметрге жетти.
Ошондой эле Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди. Ош-Сарыташ-Эркештам жолундагы Чыйырчык ашуусундагы бурганактан улам жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө коюлду.