Кыргызстан быйылкы күз-кыш мезгилинде дээрлик 17,5 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Министрдин айтымында, анын 14 миллиард кВт/сааттан ашыгы Кыргызстанда өндүрүлсө, 3 миллиарддан көбү коңшу өлкөлөрдөн импорттолот.
Ал белгилегендей, Кыргызстан жарыкты Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан импорттойт. Учурда Россия менен Түркмөнстандан электр энергиясы келүүдө.