Кыргызстанда ушул жылдын тогуз айында электрондук капчыктардын жалпы саны 6 миллион 100 миң бирдикти түзүп, былтыркы күзгө салыштырмалуу дээрлик 13 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук банктын отчетунда айтылат.
Ошол эле учурда, идентификация болгон электрондук капчыктардын саны болгону 2 миллион 300 миң бирдик, бул капчыктардын жалпы санынын 38%ын гана түзөт.
Мунун негизинде кыргызстандыктардын үчтөн экисине жакыны электрондук капчыктарды ачышат, бирок эмнегедир аны идентификациялабайт деген жыйынтыкка келсе болот.