Бишкекке жоогазын көчөттөрүн отургузуу башталды

Бишкекке жоогазын көчөттөрүн отургузуу башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпысынан быйыл ордо калаанын гүлзарларында 171 миң жоогазын пайда болду.

 

Гүлдөр Жаштар аллеясы, Эмен паркы, Курманжан Датканын эстелигинин жаны, Театралдык сквер, Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жаны, Абдрахманов/Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши, “Жомок” скверине отургузулду.

 

Өткөн жазда Бишкекте 160 миң жоогазын гүлдөгөн.