Россия Кыргызстанга 100 миң ПЦР-тест система тапшырат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Колдоо кайтарымсыз негизде берилет. Ошону менен бирге ушул жылы мобилдүү автономдук лаборатория берүү маселеси чечилди.