Кыргызстанда эми өсүмдүк майын жана кум шекерди чекене сатууга 10, 13 пайыз гана кошулат

Кыргызстанда эми өсүмдүк майын жана кум шекерди чекене сатууга 10, 13 пайыз гана кошулат.

Монополдукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы аталган товарларды чекене сатууга

баа кошуунун максималдуу чегин орнотту.  Алсак, Бишкекте, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана

Нарын облустарында өсүмдүк майына жана шекерге максималдуу түрдө 10 пайыз гана кошулушу керек.

Ал эми түштүн региондордо 13 пайызга чейин гана. Бааларды жөнгө салуу

министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 90 күнгө созулат.