Быйыл Казакстанда 36 миң жаңы жумуш оруну түзүлөт

Быйыл Казакстанда 36 миң жаңы жумуш оруну түзүлөт.

Алардын 20 миңи туруктуу болот, — деп билдирди Эмгек жана калкты

социалдык коргоо министри Серик Шапкенов. Анын айтымында,

жумушчулар өлкөдө 64 жаңы мектеп жана 13 медициналык мекеме курууга тартылат.

Планды ишке ашырууга 702 миллион доллар бөлүнөт, каражат

Улуттук банктын облигацияларынан жана мамлекеттик бюджеттен сарпталат.