Конституциялык соттун чечимин кайра кароого уруксат берүү сунушталды

Кыргызстанда Конституциялык соттун чечимин кайра кароого уруксат берүү сунушталды. Президенттик администрация тиешелүү долбоорду коомдук талкууга койду. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен төмөнкү жагдайда кайра каралышы ыктымалдыгы көрсөтүлгөн.

 

  1. 1) Чечим кабыл алууга негиз болгон Конституциянын ченеми өзгөрсө;
  2. 2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
  3. чечим Кыргызстан элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.
  4. Азыркы мыйзамга ылайык, Конституциялык соттун чечими кайра кароого жатпайт.