17-июлдан тарта Ысык-Көлгө поезд күн сайын каттайт

17-июлдан тарта Ысык-Көлгө поезд күн сайын каттайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы эскертет. Маалыматка ылайык, курам 7 вагондон туруп, 185 жүргүнчүгө эсептелген.

 

Бишкектен Балыкчыга поезд менен 4 саатта жетсе болот. Жол кире чоңдор үчүн 150 сом, балдарга 73 сомду түзөт. Ал эми ыңгайлуу шарттар менен жетем дегендер үчүн 500 сомдук жаңы үлгүдөгү вагондор  жеткиликтүү.