Кыргызстанда коменданттык саат эрежесин бузган 320 адам кармалды

Кыргызстанда коменданттык саат эрежесин бузган 320 адам кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Бишкекте 193, Ошто 25, Жалал-Абадда 10, Сузакта 26, Ноокатта 11 жана Кара-Сууда 55 адам.

 

Алардын баарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара-Суу,Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилди. Анын алкагында жарандарга сыртка чыгууга тыюу салынат.