Кыргызстанда Кувейттин элчилиги ачылышы мүмкүн

Кыргызстанда Кувейттин элчилиги ачылышы мүмкүн.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Аталган өлкө демилгеге оң баа берип, Кыргызстан менен стратегиялык диалог түзүүгө даяр экени белгиленди.

Ушул себептен Кувейттин делегациясы жакын арада республикага келүүсү күтүлүүдө.