Кыргызстанда энергетика тармагын башкаруу системасын реформалоо аяктады

Кыргызстанда энергетика тармагын башкаруу системасын реформалоо аяктады.

Ага ылайык, бир нече ишкана бириктирилди.

Алсак, “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ошэлектро” жана “Жалалабадэлектр” компаниялары  “Улуттук электр тармактарына”, ал эми “Бишкекжылуулук” Электр станцияларына кошулду. Натыйжада 1 миллиард сомго жакын каражат үнөмдөлүп, ал кубаттуулуктарды жогорулатууга жумшалары айтылууда.

Мындан тышкары, 200дөн ашык кызматкер кыскартылды.

Бул жылына 100 миллион сомдон ашык каражатты сарамжалдоого шарт түзөт.