Кыргызстанда майыптыкты тастыктоо үчүн эми бир гана документ керектелет.
Өлкөдө майыптыкты күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, мурда бул үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар 11 документ топтоп беришсе, эми бир гана документ – амбулатордук карта гана керек.
Саламаттыкты сактоо уюмдары зарыл документтерди санариптештиргенден кийин адам медициналык-социалдык эксперттик комиссияларга бир эле жолу барышы керек болот.