Кыргызстандагы эң ири цемент заводу август айында ишке кирет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчилиги менен заманбап технологияларды колдонуп иштей турган өлкөдөгү эң ири «Терек-Таш» ишканасынын цемент заводунун курулушу менен таанышты.

 

Аталган фонд буга чейин цемент заводунун курулушуна 45 миллион доллар бөлгөн. Бүгүнкү күндө иштин 85%ы бүткөрүлдү, ачылышы ушул жылдын август айына пландалууда.

 

«Цемент өндүрүүдө Бишкек ЖЭБинин күл төгүлгөн жерлери кайра иштетилип, борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга жардам берет. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1,7 миллион тоннага чейин цементти түзөт. Долбоордун алкагында 450 адам иш менен камсыз болот”, — дейт КОӨФ жетекчиси Артем Новиков.

 

Белгилеп кетсек, өндүрүш калдыксыз болот.