Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкты

Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеген комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, комиссия 22-мартта ишин жыйынтыктап, анда ЖЭБдеги кырсыкка айрым кызматкерлер жана эскилиги жеткен жабдыктар негиз болгон деген тыянакка келген.

 

Эске салсак, 2-февралда таңкы саат 3төр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда жарылуу болуп, электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган.