Кыргызстанда мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат курулат

Кыргызстанда мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат курулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев мугалимдердин август конференциясында билдирди.

 

Анын айтымында тиешелүү тапшырманы президент Садыр Жапаров берген.

 

Министр ошондой эле 700 мугалимге арзандатылган баада ипотекалык насыя түрүндө үй курула турганын, долбоордун жер маселеси чечилгенин да кошумчалады.