Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат

Бүгүн “Барселонанын” мурдагы оюнчулары менен Азиянын ардагер футболчуларынын беттешине байланыштуу Бишкектин эки көчөсү жабылат.

 

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, түшкү саат 2ден тарта оюн аяктаганга чейин Тоголок Молдо көчөсү, Чүй простпектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү, Фрунзе көчөсү, Манас простпектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылына чектелет.

 

Жарандар маршрутту алдын ала пландап алышы керек.