Кыргызстанда коронавирусту 33 адам жеңди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдикаримов билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандан кийин айыккан адамдардын жалпы саны 42ге жетти.
Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 216га жетти.