Кыргызстанда нандын баасы туруктуу сакталууда. Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматы нан өндүрүүчүлөр менен жолугушуп, бааны негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.
Ага ылайык, Бишкекте тандыр нанынын бир килограммы 3 айдан бери 90 сомдон, бөлкөнүн килограммы 60 сом бойдон сакталып турат.
Ведомстводон белгилешкендей, баалардын туруктуу кармалышына Ун өндүрүүчүлөр менен түзүлгөн макулдашуу дагы таасирин тийгизет.