Германия кыргызстандык мыйзамсыз мигранттарды мекенине кайтарат

Германия алты өлкө, анын ичинде Кыргызстан менен мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча келишим түзүүгө ниеттенүүдө. Документ мыйзамсыз мигранттарды тез арада мекенине кайтарууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Deutsche Welle басылмасы жазып чыкты.

 

Маалыматка караганда, азыр немис өкмөтү Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия, Молдова, Кения жана Колумбия менен мыйзамсыз мигранттарды мекенине ыкчам кайтарууну караган миграциялык өнөктөштүк боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

 

 

Борбор Азиянын эки өлкөсү менен сүйлөшүүлөр бир топ алдыга жылганы, майдын башында Өзбекстан менен, сентябрдын аягында Кыргызстан менен меморандумга кол коюлганы маалымдалды.

Германиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысынын айтымында, сөз мыйзамсыз качкындардын санын кыскартуу жана ошол эле учурда Германияга мыйзамдуу иммиграцияга мүмкүнчүлүк түзүү жөнүндө болуп жатат.