Кыргызстанда доллардын курсу кескин түшүп кетти

Кыргызстанда доллардын курсу кескин түшүп кетти. Учурга карата коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 90 сомго сатып алып, кайра 92 сом 50 тыйындан сатышууда.

 

Муну менен доллар бир күндө эле 4 сомго арзандады. Аны менен катар евро дагы дээрлик 5 сомго төмөндөдү.

 

Белгилеп кетсек, өткөн жумада дагы доллар арзандап, бирок 1-2 күндө эле кайрадан 100 сомдук позициясына кайтып келген.