Кыргызстанда Россия президентин шайлоого 7 842 россиялык добуш берди

Кыргызстанда РФ президентин шайлоого 7 842 россиялык жаран добуш бергенин өлкөнүн Бишкектеги элчилиги билдирди.
Маалыматта шайлоо участкаларында процесске КМШ, КМШ ПАА алкагында, ошондой эле талапкерлер менен коомдук уюмдардан эл аралык байкоочулар көз салып турганы айтылат.
Эскерте кетсек, Россияда президенттик шайлоо 15-мартта башталган. Өлкө Баш мыйзамына ылайык ал үч күнгө созулуп 17-мартта жыйынтыкталды. Алдын ала маалымат боюнча Владимир Путин добуштардын басымдуу бөлүгүнө ээ болуп алдыга чыккан.
Кыргызстанда төрт шайлоо участогу ачылып, добуш берчүлөр Бишкек убактысы менен саат 8.00дөн 20.00гө чейин кабыл алынды.