Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактары бүгүн жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин электр энергиясы Элебесов, Исанов көчөлөрүндө, 6-кичи райондо, Рухий-Мурас, Ак-Өргө конуштарында, Аламүдүн, Таш-Дөбө, Көк-Жар, Гроздь, Орок айылдарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.