Жалал-Абад шаарында акысыз медициналык кароо өткөрүлүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 29-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата уюштурулду.
«Мир» кинотеатрынын алдындагы аянтта кан басымын өлчөтүп, кант диабетинин бар же жок экендигин аныктап жана дарыгерлерден кеңеш алууга болот», — деп айтылат маалыматта.
Акысыз текшерүүдөн өтүү саат 9:00дөн 15:00гө чейин уланат.