Ысык-Көл менен Ошто жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 25-апрелда Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду.

Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу, Оттук айылдарында беш балл, Бар-Булак, Шор-Булак, Кара-Талаа, Ак-Өлөң айылдарында төрт балл, Эшперов, Тогуз-Булак, Төрт-Күл, Темир-Канат айылдарында үч балл жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо, Кара-Саз, Төлөк айылдарында үч баллга чейин сезилди.

Ушул эле күнү Ош облусунда да күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды.

 

Жер титирөө Алай районунун Тогуз-Булак, Арпа-Тектир айылдарында, Кара-Суу районунун Чайчи айылында беш балл, Алай районунун Кен-Жылга, Кара-Шоро, Боз-Караган, Таш-Короо, Жаңы-Турмуш айылдарында, Кара-Суу районунун Алга-Бас, Бек-Жар, Лангар, Талдык айылдарында, Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө, Сары-Булак айылдарында төрт балл, Ош шаарында, Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Мырзаке, Саламалик айылдарында үч балл болду.

 

Жалал-Абад шаарында, Кара-Суу шаарында жана Ноокат районунун Ноокат айылында үч баллга чейин сезилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.