Коронавирустун жайылуу темпи боюнча Кыргызстан жашыл зонада

Коронавирустун жайылуу темпи боюнча Кыргызстан жашыл зонада.

Республикалык штабдан билдиришкендей, Саламаттыкты сактоо министрлигинин

адистери вирустун аймактарда жайылуу темпинин картасын түзүшкөн.

Анда Чүй облусунан башка аймактар сары зонадан жашыл зонага өттү.

Ал эми кызыл зонада бир да облус жок. Бүгүнкү күндө өлкөдө оору жуктургандардын

95 пайызы сакайды. Жалпысынан республика боюнча 83 миң 178 адамдан ковид аныкталды.

Белгилеп кетсек, акыркы күндөрү вируска кабылгандардын саны минимумга түшүп бара жатат.