Кыргызстанда ушул күздө сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар күч алышы күтүлөт

Кыргызстанда ушул күздө сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар күч алышы күтүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Анын айтымында, мындай божомолго байланыштуу коронавирустун алдын алуу боюнча бир катар пландар иштелип чыгып, даярдыктар көрүлүп жатат. Андан тышкары, Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал толук турукташа элек.

 

Андыктан, жарандар санитардык талаптарды сакташы керек, — деди чиновник.