“Манас” аэропорту ички рейстерге 2 учак сатып алды. Аба майдандын башкаруу төрагасы Манасбек Самидинов билдиргендей, Bombardier Dash 8 Q400 лайнерлери 80 жүргүнчүгө эсептелген. Алар дүйнөлүк авиациянын талаптарына жооп берет.
Ушундай эле дагы 2 учак сатып алуу пландалууда.
Артыкчылык ички каттамдарга жана коңшу мамлекеттердин шаарларына жасалат, — деди Самидинов.