Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчалар иштеп баштады

Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчалар иштеп баштады. Калаа мэриясынан билдиришкендей, коронавируска каршы күрөшүү боюнча шаардык ыкчам штаб 15 жеке бала бакчанын ишин жандантууга уруксат берди. Ошону менен катар санитардык эрежелерди так сактоо талабы коюлган.

 

Ага ылайык, ар бир тайпада 12 баладан ашпоого тийиш. Кире бериштен баланын дене табы өлчөнүп, колуна антисептик чачылып, беткап менен кабыл алынат.

 

Муниципалдык бала бакчаларда дагы ушундай талаптар түзүлгөнү менен бир тайпада 30 бала болгондуктан жана медиктердин жетишсиздигинен улам аларга уруксат бериле элек.