Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылы үчүн видео сабактарды тартууну улантып жатат.
Министр Каныбек Исаков билдиргендей, иштерге сынактык негизде 260 мугалим тандалып алынган.
Алар бир нече кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү жана окуучулары республикалык олимпиадада
жеңишке жетишкен чыгармачыл мугалимдер. Видео сабакка тартылуучу
педагогдор атайын даярдык жана тренингден өткөрүлдү.