Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга жылуулук менен камсыздоону жакшыртууга дээрлик 7 миллион доллар бөлүп берет

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга жылуулук менен камсыздоону жакшыртууга дээрлик 7 миллион доллар бөлүп берет. Каражат жылуулук тармактарын модернизациялоого багытталат.

 

Долбоорду ишке ашыруу менен энергетика тармагынын абалын жакшыртууга шарт түзүлөт.

 

Андан тышкары, Бишкектин түштүк тарабына жылуулукту жана ысык сууну үзгүлтүксүз берүү камсыздалат. Ошондой эле жаңы абонеттер тармакка кошулууга мүмкүнчүлүк алат. Парламент аталган макулдашууну биринчи окууда жактырды.