Ушул жылдын январь-июль айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу)
республикада керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 7%ды түздү.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Алсак, азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баа 10%га, алкоголдук
ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына — 8,3%га, азык-түлүк эмес товарларга — 4,7%га,
калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер — 1,5%га жогорулады.
Бул мезгил аралыгында гречкага — 32,9%, картошкага — 30,7%, жаңы чыккан
жашылчаларга — 26,7%, өсүмдүк майларына — 23,1%, кумшекерге — 21,3%,
кой этине — 19,5%, жаңы чыккан жемиштерге — 18,7%, чочко этине — 18,6%,
балык — 9%, уй эти — 7,7%, алкоголсуз суусундуктар — 4,8%га баанын эң чоң өсүшү байкалды.