Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатында финалга чыкты.
Жарым финалдык кармашта ал россиялык спортчу менен кармашып, 9:5 упай менен жеңди.
70 килограмм салмак категориясында күч сынашып жаткан Акматалиев буга чейин
Шри-Ланка, армениялык жана ирандык атлеттерди, утуп алган. Эми биздин балбан
алтын байге үчүн польшалык спортчу менен кармашат.
Финалдык кармаштар бүгүн кечинде Норвегиянын Осло шаарында өтөт