Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө токтотулду.
Республикалык имуннопрофилактика борборунун директору
Гүлбара Ишенапысова билдиргендей, бул, препараттын колдонуу
мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу. COVAX программасы аркылуу келген
вакцинанын мөөнөтү 30-сентябрда аяктады жана ушундай кырдаалга
кабылган биздин гана өлкө эмес башкалар да бар. Бул тууралуу
дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюумуна билдирүү жиберилди.
Вакцинанын жаңы партиялары COVAX программасы жана
Польша тарабынан берилет. Андан улам, эмдөөнүн
мөөнөтү созулбай сакталат, — деп кошумчалады Ишенапысова.