Кыргызстандык үч оор атлетчи Азия чемпионатына катышат.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Азия чемпионаты 5-15-октябрь күндөрү Бахрейндин Манама шаарында өтөт.
Мелдешке катыша турчу курама команданын тизмеси:
- 61 кг — Ишенбек Муратбек уулу;
- 89 кг — Эмил Молдодосов;
- 102 кг — Бекдөөлөт Расулбеков.
Спортчулар чемпионатка улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосовдун жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында катышат.