Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук» чек ара бекетине чектөө киргизилди

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде капиталдык курулуш жана имараттарды оңдоо иштери аяктагандыгына байланыштуу чектөөлөр киргизилди.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматка караганда, өткөрүү пункту бүгүн түшкү саат 2ге чейин чектелген режимде иштейт.

Чек ара кызматы жарандарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамды алдын ала пландаштырууга чакырат.