Тажикстан Баткендиктердин мал-жандык, унааларын өткөрүп берди

Тажикстандын Ворух анклавынын милициясы Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундарына таандык 12 жылкыны жана эки унааны өткөрүп берди.

Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, эки тараптын милициясы бул багытта иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүнкү күндөгү маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан.

Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, административдик, стратегиялык объектилер, мал сарай, мектеп, бала бакчалар зыян тарткан.