Кыргызстандык куткаруучулар урандылардын астынан аялды алып чыгышты

Түркияга барган кыргызстандык куткаруучулар урандылардын астынан дагы бир адамды алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

 

38 жаштагы аялды Кахраманмараш шаарындагы Хайлолл районунан табышкан.
6-февраль күнү Түркияга Кыргызстандан 63 кишиден турган куткаруучу топ жана эки ит жөнөтүлгөн. Кечээ күнү дагы ӨКМдин 80 кызматкери, үч медик барган. Атайын борт 78 боз үй алып барган. Бүгүн куткаруучулардын үчүнчү тобу жөнөп кетти. Издөө жана куткаруу иштерине жалпы жонунан ӨКМдин 170 кызматкери тартылды.