Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, мындай абал 17-февралга чейин сакталат.

 

Кар массалары Бишкек — Ош, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная Горка — Ак-Таш, Казарман — Актал-Чат, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жана Каракол — Энилчек унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн. Айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.