Гонконгдо каржы адиси 25 миллион долларды шылуундарга которуп берип койду

Гонконгдо каржы адиси 25 миллион долларды шылуундарга которуп берип койду. Эркекке алгач Улуу Британия корпорациясынын директорунан билдирүү келип түшкөн.

 

Ал ага жооп бербей койгондон кийин видеоконференцияга кошулууга шилтеме келген. Андан кийин ал ишенип, чоң сумманы белгисиз эсепке которгон. Бирок кайра корпорация менен байланышканда, алданып калганын билди. Учурда полиция шылуундарды издеп жатат.