Кыргызстандыктар саякатка дээрлик 262 млн доллар жумшашты

Кыргызстандыктар саякатка дээрлик 262 млн доллар жумшашты.

 

Ушул жылдын биринчи жарымында кыргызстандыктар чет өлкөгө жигердүү саякаттай баштады. Мындан улам алардын чыгымдары да өскөн деп билдирди Улуттук статистикалык комитет.

 

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын алты айында кыргызстандыктардын саякатка чыгашалары 261 млн доллардан ашкан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 4 эсе көп.