Кыргызстандыктарга бардык социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсия дагы, өз убагында төлөнөт

Кыргызстандыктарга бардык социалдык төлөмдөр, анын ичинде пенсия дагы, өз убагында төлөнөт. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Декабрь айына карата пенсия 95 пайызга берилди.

 

Ал эми январь тууралуу айта турган болсок, бардык төлөмдөр дагы өз учурунда берилет. Бийликтен белгилешкендей, бул жаатта тынчсызданууга негиз жок. Эске салсак, буга чейин Социалдык фонддон январда пенсия берүүдө көйгөйлөр жаралат, анткени, каражат жетишсиз деп айтышкан.