Кыргызстанда аймактык аэропортторду калыбына келтирүү иштери уланууда. “Манас” эл аралык аба майдандан билдиришкендей, учурда реконструкция жумуштары Баткен, Каракол, Нарын жана Таласта жүрүүдө.
Ар кандай иштер жүрүп жатат, бирок басымдуусу учуу-конуу тилкесин калыбына келтирүү же узартуу, курулуш-монтаж жумуштары, сигнал берүүчү системаларды орнотуу жана аэровокзал комплекстерин курууга байланыштуу. Иштер графикке ылайык жүрүп жатат.