Көчмө кичи-диагностикалык комплекс Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү

Көчмө кичи-диагностикалык комплекс Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Аталган комплекс өткөн жылдын ноябрынан бери Кемин жана ага жакын райондордун тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрдү.

Анын алкагында, 20 миңден ашуун адам ар кандай тармактагы медициналык адистерден кеңеш ала алышты.

Диагностикалык комплекс жакын арада Ысык-Көл облусунун Түп районунда өз ишин баштайт.