Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети эки спортчуга стипендия берип келет

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети эки спортчуга стипендия берип келет. Бул тууралуу аталган комитеттин басма-сөз кызматы билдирет. Лыжа жарышы боюнча ѳлкѳнүн чемпиону Тариэль Жаркымбаевге жана тоо лыжасы боюнча эл аралык мелдештердин катышуучусу Михаил Гордеевге ай сайын 1 миң 500 доллардан берилип турат.

 

Бул жардам лицензиялык турнирлерге жана жалпы Олимпиада оюндарына болгон даярдыкты колдоо максатында кѳрсѳтүлүп жатат.