Мамлекеттик бюджетти колдоо максатында ачылган депозиттик эсепке   1,5 миллиард сомдон ашык чогулду

Мамлекеттик бюджетти колдоо максатында ачылган депозиттик эсепке   1,5 миллиард сомдон ашык чогулду.

 

Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражатты укук коргоо органдары которгон, ошондой эле юридикалык жана физикалык жактардан ыктыярдуу салымдар дагы бар. Буга чейин түшкөн акчанын бир бөлүгү мамлекеттик казнага которулган.

 

Эске салсак, бюджетти колдоо максатында депозиттик эсепти ачуу чечими январда кабыл алынган.