Ош шаарындагы айрым көчөлөрдө унаалардын кыймылы өзгөрөт.
Калаа башчысы Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык, эң көп унаа тыгыны
катталган — Масалиев – Навои, Масалиев– Монуев, Курманжан-Датка – Навои,
Ленин – Навои жана Курманжан-Датка – Айтиев көчөлөр кесилишинде жол
чырактын цикли өзгөрөт. Андан тышкары, Масалиев-Раззаков-Бабараимов
көчөлөр кесилишинен унаалар өтүшүнө убактылуу чектөө киргизилет.
Айдоочуларга каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.