Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте салют атылбайт

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте салют атылбайт. Мэрия маалыматына ылайык, 31-августта Ала-Тоо аянтында кечки саат 7 жарымда эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт башталат.

 

Ага чейин ордо калаанын бардык райондорунда спорттук мелдештер жана ар кандай иш-чаралар өтөт.