Бул жумада кыргызстандыктарды кошумча эс алуу күтүп турат. Эмгек министрлигинен эске салышкандай, быйыл эгемендүүлүк күнү 31-август шаршембиге туура келет.
Майрам кызыл даталарга киргендиктен, өлкөдө дем алыш жарыяланат. 30-августта иш күнү дагы бир саатка кыскартылат. Белгилеп кетсек, быйыл Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31-жылдыгы белгиленет.