Астанада Манастын айкели орнотулду

Астана шаарында Манастын эстелигин орнотуу иштери аягына чыгып калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев билдирди.

 

Анын айтымында, айкел шаардын борбордук Кабанбай баатыр проспектине коюлуп жатат. Дипломат анын ачылышы күн жылыганда болорун белгиледи.
Былтыркы жылдын декабрь айында Казакстандын борборунда Манастын айкели пайда болору тууралуу маалымдалган. Маданият министри Алтынбек Максүтов Садыр Жапаровго эстеликтин эскизин көрсөткөн.
Эстеликтин эң мыкты эскизи үчүн сынак өткөрүлүп, скульптор Үрүстөмбек Пазылов менен архитектор Улан Бейшенбаев жеңүүчү деп табылган. Скульптура колодон, постаменти граниттен жасалган.